Борбордо Санитардык-экологиялык инспекциясы ар бир короонун санитардык абалын текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарындагы Санитардык-экологиялык инспекциясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Москва көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин аймагы антисанитардык абалга жетип, шаарды көрктөндүрүүдө эрежелер сакталбаганы аныкталган. Свердлов району боюнча кезектеги рейдде СЭИ кызматкерлери санитардык нормалар сакталбагандыгы жана шаарды көрктөндүрүүдө эрежелерди бузуу фактысын аныктады. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын СЭИ инспекторлору аталган үйдүн комитети А.Асаналиеванын атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.