Өткөн суткада “112” Нөөмөт-диспетчердик кызматына түшкөн 290 чалуунун 231и жалган чалуулар болгон

Акыркы суткада “112” Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына жалпысынан 290 чалуу түшүп, анын ичинен 231и жалган чалуулар экендиги аныкталган. ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 59 чалуу тастыкталып, анын ичинен 10 адам медициналык жардамга муктаждыгын билдиришкен.

Жалпы 290 чалуунун 148и Бишкек шаары боюнча болсо, анын ичинен 124 жалган чалуу, ал эми 24 чалуу тастыкталып, анын ичинен 16 адамга телефондон кеңештер берилип, 1 чалуу ички иштер кызматкерлерине, 7 чалуу медицина кызматкерлерине багытталган. Ош шаары боюнча жалпы 142 чалуу болсо, анын 107си жалган чалуу болуп, ал эми 35 чалуу тастыкталып, анын ичинен 30 адамга телефондон кеңеш берилсе, 1 чалуу өрт өчүрүү боюнча, 1 жолку чалуу ички иштер кызматына, 3 жолку чалуу медицина кызматкерлерине багытталган.

Министрликтин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун адистеринин айтымында, дагы деле максатсыз чалуулар көп болууда. Жалган чалуулардын көп болуусунун негизги себептери сенсордук уюлдук телефондордон байкоосуздан чалынган учурлар, жаш балдардын ойноп чалуулары, чукул кырдаалга тиешеси жок маалыматтарды сурап чалуулар болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nur0077
2015-02-21 10:02:02
Кандай акмак адамдар жалган чалышат?Кокус кырсык келсе жагдай кандай болуп кетеерин мээсинен откоруп ойлонбойбу дейм да.
+2
lyblyego
2015-02-21 10:28:25
Кимге кереги бар?жомок жазса эле ишенип кала беребизби,анчалык коп болушу просто мумкун эмес
+1
Dadasdasd
2015-02-21 10:29:05
Жалган чалгандардын жазасын мындайча берсе болот. Мобильные компаниялар менен суйлошуп, 3-4 кун банга айдаш керек. Очуруп салуу керек.
+3
Bella-life
2015-02-21 11:48:04
Чалуулар тушкон жерди телефон аркылуу билууго кантип болбосун.
Уюлдук болобу, уй телефону болобу автоматтык турдо корсотуп туруучу программаларга отушпойбу.
Милиция кызматкерлери учун бул нерсе негизги милдет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан