Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жарды жардыруу иштери аяктап, жол толук ачылды

Транспорт кызматы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 313-чакырымындагы Бейше-Булак тилкесинде 19-20-февраль күндөрү жардын коркунуч туудурган бөлүкчөсүн жардырып түшүрүү жана тазалоо иштерине байланыштуу жол каттамына чектөө кирген. ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлагандай, 20-февралда саат 17:10до жардын бөлүкчөсү жардырылып, 200-250 метр куб таш түшүп, унаа жолду жаап калган. Жолду тазалоого 3 жүктөгүч, 2 экскаватор, 5 ХОВО унаасы тартылып, саат 20:30да жол каттамы толугу менен тазаланып, ачылган. Жумуш толук аяктап, жол каттамы ачык. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alishaaa
2015-02-22 03:57:17
Мен чыгармаларды каяктан окуй алам?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан