Бүгүн, 21-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Кант шаарынын Маданият үйүндө салтанаттуу жыйналыш жана майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу - “Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, Канттагы авиабазанын аскер кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттары Ташполот Балтабаев, Асия Сасыкбаева, Туратбек Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов, Бактыбек Калмаматов жана аталган партиянын жаштар канаты катышмакчы.
“Концертте Чырмаш Төрөбеков, Гүлзинат Суранчиева жана Шертай Эрматов сыяктуу ырчылар элдик жана заманбап ырларын ырдашат”,- дешет уюштуруучулар.