Өрт-куткаруу кызматы тарабынан 2014-жылы жалпысынан 427 адам куткарылган. Анын ичинен жол кырсыгынан 105, экстремалдык абалда 105 адам куткарылган. Көлмөлөрдөн 17 адам куткарылып, дагы 796 жаранга жардам көрсөтүлгөн (анын ичинен: дарыгерге чейинки жардам – 270; күтүүсүз жагдайга туш болгон учурда - 62). Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республиканын аймагында Бишкек - Торугарт, Бишкек - Эркеч-Там, Ысык-Көл облусунда 3 стратегиялык багыт боюнча 2014-жылы Өрт-куткаруу кызматынын 21 бөлүмү түзүлгөн. 2015-жылга аталган кызматтын дагы 3 бөлүмүн түзүү мерчемделген. Ал эми 2016-2017-жылдарга 22 бөлүм түзүлөт.