Бишкектеги көчөлөрдү тазалоо иштери жылдагыга салыштырмалуу бир апта эрте башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы “Тазалык” ишканасынын башчысы Рыспек Сарпашевге шилтеме берүү менен кабарлады.
Маалыматка ылайык, көчөлөрдү тазалоодо жазгы режимге өтүү көбүнчө жаздын биринчи күнүндө, 1-мартта болуп келген. Быйыл жаздын эрте келгенине байланыштуу көчөлөрдү тазалоочу унаалар 23-февралдан тарта чыга баштайт. Бул күнү 8 унаа иштейт.