Оштогу куткаруучулар отрядында Ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага жалпысынан 52 окуучу катышты. Анын негизги максаты - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата жана патриоттук сезимди окуучулар арасында күчөтүү. Анын жүрүшүндө куткаруучулардын күнүмдүк жашоосу жана алардын жасаган эрдиктери көрсөтүлдү. Анда куткаруучулар өздөрүнүн окуу точкаларында окуучуларга химиялык объектидеги кырсыктан жабыркагандарды куткаруу, көп кабаттуу үйдөгү жабыркаган жарандарды алып түшүү жана жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жардам берүү сыяктуу көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.