Дары сатуучу компаниялардын биринде кызматкерлер таштанды пайда кылгандыгы үчүн протокол түзүлдү

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд маалында дагы бир мыйзам бузууну аныктады. Бул ирет "Неман Фарм" компаниясынын Киев көчөсү, №38 дареги боюнча иштеген кызматкерлер курулуш материалдарын туура эмес жерге жыйнап, стихиялык таштанды пайда кылышкан. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Санитардык-экологиялык инспекциясы компаниянын директору К.Алиеванын атына Административдик жоопкерчилик кодексинин 488-беренесине ылайык протокол түзүп, аны Свердлов районунун комиссиясынын кийинки кароосуна жөнөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан