Борбордо Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата балдар оригами өнөрү боюнча белек жасашты

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде балдар оригами жасоо техникасын үйрөнүшүп, 23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата белек жасашты. Аталган музейден билдиришкендей, иш-чара “Музейдеги жуманын таттуу аягы” аттуу музей менен тааныштырууга багытталган программанын алкагында уюштурулду.

Иш-чарада оригами өнөрү боюнча чеберлер апалары менен келген балдарга эр жүрөк аталарына, агаларына ар түрдүү белек жасоону үйрөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан