Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Аялдар кеңеши тарабынан 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата кече уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуу жайдын ректору Бекмырза Зулуев жалпы мырзаларды куттуктап, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын айтты. “Биз кыргыз армиясынын басып өткөн даңктуу тарыхый жолу менен сыймыктанабыз. Ата Мекенди, туулган жерди душмандардан коргоодо жанын аябаган жоокерлердин эрдиктери эч качан эсибизден чыкпайт. Өлкөбүздүн тынчтыгын сактоодо жана элибиздин бейпилдигин камсыз кылууда талыкпай билим берип, тарбиялоо милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып келе жатасыздар. Ата Мекенибизди көздүн карегиндей сактоочу мекен коргоочулары - эгемендүү мамлекетибиздин бейпилдигин, элибиздин биримдигин сактайт деп терең ишенебиз”,- деп кошумчалады ал өз сөзүндө.
Кече кыскача концерттик программа менен коштолуп, агайлар жана студенттер акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.