Алдамчылар өз “акцияларын” президенттик аппараттын атынан уюштура башташты

"Бүгүн менин уюлдук телефонума президенттик аппарат уюштурган акциянын жеңүүчүсү экеним тууралуу СМС-кат түштү. Анда "Урматтуу кардар! Сиздин номериңиз "Жеңүүчү" (президенттик аппараттан) болуп, сиз 50 миң сом жана 380 долларлык ноутбук утуп алдыңыз! Куттуктайбыз!" деп жазылган. Аталган мекеме чынында эле акция уюштуруп жатабы?"- деп кайрылды бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына окурман. 
Буга президенттик аппараттын басма сөз кызматы "эч кандай акция өткөрүлгөн эмес" деп жооп берип, алдамчылардан сак болууга чакырды.
Айта кетсек, буга чейин алдамчылар Бишкектин мэриясынын атынан да жалган "акцияларды" өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан. Мэрия мындай алдамчыларга туш болгондорду 102 номерине чалып, милицияга кабарлап коюуну суранган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nur-patriot
2015-02-23 15:00:08
менин мамам бир жолу ишенип алып 500 единица салып берген ))))
0
Ashka
2015-02-23 15:07:46
Мен зеригип олтуруп озумдун эле номеримден ар кандай номерди терип, биз билайн компаниясынан чалып жатабыз,сиз билайн сим картасын коп колдонгонунуз учун, акчалай сыйлык м.н уюлдук телефон утуп алдыныз,деп кообун сынагам,бир аял ишенип кайра кайра чала берген кайерден алам кантип алам деп,))))))бирок тамашалап алып коркуп кеткем.)))) :)
-1
Ariet7
2015-02-23 21:07:58
мен дагы бир жолу мин ед салгам озумо анан салып мен бир кодду берем ошону тересиз дейт цивильный голосу м.н анан апчеме айтсам алдап атышат дгенинен атама 400атама 400ед которуп салгам .
анан тиги киши м.н урушуп кеткем баягы сылык суйлоп аткан киши жок согунуп сагынып ии турмодо отурган бироо го деп койгом
0
Aseltay
2015-02-24 17:02:00
Эл журт эч качан оной тамак болбойт ошон учун логиканы иштетип иш кылсанар кобурок китеп окугула билими жокторгана ушундай алдамчылардын торуна илинет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан