"Күнөсканадан түшүм алуу оңой эмес, эки жолу отургузган уруктарды өлтүрүп алдык" дейт ишкер айым

"Күнөскананы өздөштүрүп, түшүм алуу оңой эмес экен, буга чейин 2 жолу отургузган уруктарыбызды өлтүрүп алдык. Учурда үчүнчү жолу урук сээп, жалбырак байлаганына сүйүнүп жаткан учурубуз". Бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына борбордогу жаңы конуштардын бириндеги күнөскананын ээси Индира Шейшекеева маек куруп, күнөсканадагы түйшүктүү жумуштары менен тааныштырды. 

Борбор калаанын Аска-Таш конушундагы турак үйлөрдүн биринин короосунда 1 ай мурун күнөскана пайда болду. Жолдон ары-бери өткөндөрдүн кызыгуусун арттырган күнөсканага биз да баш багып кайттык. Ичине киргенде эле абанын ысыгынан делдирей түшөт экенсиң. Сыртта күн чайыттай тийбегени менен, күнөскананын ичиндеги абанын температурасы 32 градус ысык. Бирин-серин чыккан бадыраңдын көчөттөрү боз топуракты жашыл түсү менен кооздоп тургандай. Ал эми үй ээси аябай сүйүнүп, канчалаган уйкусуз түндөрүнүн үзүрүнүн алгачкы белгилери экенин айтат. 

“Буга чейин эмне менен алектенсек деп көп ойлондук. Тигүү цехин, ашкана ачуу жана дагы башка ойлорго азгырылдык. Акыры корообузда бекер жаткан жерди иштетип, күнөскана куруп, жашылча-жемиштерди өстүрүүнү туура көрдүк. Алгач 400дөй урук отургузганбыз. Бирок жарыктандыруу туура эмес болуп, 400 түп бадыраң өспөй калды. Кийин дагы 300 урук септик, анда катуу суук болуп, аны үшүк алып кетти. Анын үстүнө помидор менен бадыраңды аралаштырып өстүргөнгө болбойт экен. Эки жолку эмгегибиз ушинтип болбой калганда ыйлаган дагы күнүбүз болду. Канча эмгек кетти деп аябай капаланганбыз. Бул үчүнчү жолу урук себишибиз, буюрса, баары ойдогудай келатат. Мында 280 урук сепкенбиз, анын ичинен 215 урук өнүп, жалбырак байлады, калгандарын кумурска жеп салды. Азыркы учурда күн-түн дебей ушул күнөскана менен алек болуп жатабыз. Март айынын 28ине барып биринчи түшүмдү алабыз. Ага чейин талыкпай эмгек кылуу керек”,- дейт И.Шейшекеева.

Анын айтымында, күнөскананы курууга жалпы 2,5 миң доллар акча каражаты сарпталды. Анын узундугу 15 метр, туурасы 5 метрди түзөт. Сырты үч кат ар кандай калыңдыктагы полиэтилен целлофан менен оролуп чыккан.  

“Күнөскана деп оңой айтылганы менен, бул көптөгөн аракетти, эмгекти талап кылат экен. Биздин беш балабыз бар, анан кээде күлүп калам, балдарымды караганга да азыраак убактым кетет экен деп. Башында аябай кыйналдык. Катуу суукта 30 мүнөт сайын кароо керек, ал эми мындай күндөрү 2 саатта бир кароо керек. 

Күнөскана куруу менен өзүбүз үчүн көптөгөн жаңылыктарды ачтык. Мисалы, топурак оорулуу болорун билчү эмеспиз. Көрсө, топурак да ооруйт экен, ар кайсы жердин топурагы ар кандай болот экен. Биринен өсүмдүк жакшы өссө, биринен өспөй, тескерисинче, куурап калат. Анан эң негизги нерсе, абанын температурасы 30 градус ысыктан ашпай жана 15 градустан төмөн болбошу зарыл. Эгер ысык 30дан ашса жана 15тен ылдый болсо, анда көчөттөр саргарып, өлүп калат”,- дейт И.Шейшекеева.  

Күнөскананын ээсинин айтымында, бир түп көчөттөн 4 килограммга чейин түшүм алууга болот. Бул буга чейин көп жылдан бери күнөскана менен иштеп келаткандардын тажрыйбасы. Ал эми көп жылдан бери күнөсканаларды иштетип, аны жөнгө салып алгандар жылына 60 миң долларга чейин киреше табышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aziz_9292_kg
2015-02-23 19:50:54
Куноскана ачып туура иш баштапсыз чет олкого барбай эле экономиканы которуп ушул жерден кире ше тапса болот азамат сыз
+4
Ariet7
2015-02-23 20:58:33
Жакшы ийгилик эже
+4
Мэри
2015-02-23 21:26:33
Ак эмгегиңиздер менен башкаларга үлгү болуп жатыпсыздар, эмгегиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр...
+3
elka_manas_kg
2015-02-23 21:27:29
Эженин ишинк ийгилик ! Келечекте агроном адис катары менден эжеге бир кенешимди жазып кетейн деп чечтим . Сиз урондорду биринчи кочоь кылып остуруп алып 10 -15 см которулгондо топураккп отургузаныз чыгашага учурабайсыз. Ал эми топурак компост мн отургузсаныз осумдуктун осушу жакшырат.
0
sarishka
2015-02-24 06:31:52
Ishinizderge uiguluk kaalaim orkundom ozo berinizder
0
ularbek89
2015-02-24 09:37:05
Дунгандардан да кенеш алып берсенер болмок супер кей жи
Же алар секретин айтпайбы бизге
+2
admin_portal
2015-02-24 10:10:17
ularbek89, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
+1
raku
2015-02-24 11:10:08
Ишиңиздерге ийгилик, Ак эмгегиңер акталып, Кудай буйруса жакшы түшүм берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан