Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолу убактылуу жабык. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-февраль күнү саат 16:20 чамасында Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 70-77-78-чакырымдарында жалпы көлөмү 7000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Тазалоого транспорт кызматы (ЖЭМ-18) тарабынан 2 бульдозер тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Жол убактылуу жабык.