Бишкекте курулуш ишканасы кара жыгачты мыйзамсыз кыйган

Борбор калаада курулуш компанияларынын бири кара жыгачты мыйзамсыз кыйган. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, "ЮНИпрогресс" курулуш компаниясынын кызматкерлери Бөкөнбаев-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу үйдү курууда кара жыгачты мыйзамсыз кыйышкан. Муну жүргүзүлгөн рейддин алкагында Санитардык-экологиялык инспекциясы аныктаган. Учурда аталган факт боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү мекемеге жөнөтүлдү.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан