Сүлүктү шаарында экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында шаар имамдарынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Баткен облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйын башкы имам Муса Жолдошовдун катышуусунда өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө имамдардын 2015-жылы аткарыла турган иштери талкууланып, шаар аймагындагы ар бир мечитте экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.