Ошто студенттер үчүн чет тилин акысыз окуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн чет тили боюнча акысыз курска баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда мэриянын алдындагы Жаштар комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, курстарга 24-февралдан 12-мартка чейин жазылса болот. Ага шаардагы бардык жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Аталган курс шаардык мэрияда бир жумада 3 жолу өтүп, орус тили боюнча окутуу 4 ай, ал эми англис тили боюнча окуу курсу 3 айды түзмөкчү. Ар бир тайпада 25 студент окутулат. 

Уюштуруучулар билдиришкендей, курс жаштарды колдоо жана жаштар арасында ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
isabek_kg
2015-02-24 12:51:10
Урматту админ кайсыл жерге барып кайрылсак болот айтып коюнузчу
+2
mekenchil_jigit
2015-02-24 12:53:00
Кененирээк маалымат алып бериниздерчи сураныч
+2
admin_portal
2015-02-24 13:02:21
mekenchil_jigit, isabek_kg,
Саламатсыздарбы!
Аракет кылабыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан