Академик Кайып Оторбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 24-февралда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атасы, Улуттук илимдер академиясынын академиги Кайып Оторбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага вице-премьер-министрлер, министрлер, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка коомдук ишмерлер катышты. Алар Кайып Оторбаевдин жасап кеткен эмгектерин эскеришип, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошконун белгилеп өтүштү. Ошондой эле бир багытта гана эмгектенбестен, ар тараптуу иштерди жасап, улуттун нарктуу инсаны болгонун айтышты. Андан сырткары ал калыстык менен сабырдуулукка бекем мамиле кылып жашаган жана ар дайым келечек муунга үлгү болуп келгени менен кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталарын белгилешти.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: “Академик Кайып Оторбаев илимий-педагогикалык ишмердигин коомдук ишмердик менен ийгиликтүү айкалыштырган. Көрүнүктүү окумуштуу эки ирет Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Бир канча жогорку окуу жайларынын ректору болуп талыкпай эмгектенди. Футбол боюнча Москванын “Спартак” командасында ойногон”,- деди Сарпашев.

92 жаш курагында дүйнө салган академик Кайып Оторбаевдин сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Айта кетсек, Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Кемин районунун Тегирменти айылында төрөлгөн. 300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 15 монографиянын автору. К.Оторбаев бир катар сыйлыктардын, медалдардын жана Ардак грамоталардын ээси. Алардын ичинде Кызыл Жылдыз ордени, "Эрдик үчүн" медалы, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгени үчүн" медалы бар. 

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атасы, академик Кайып Оторбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Leili
2015-02-24 14:01:49
Жаткан жери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан