Сириядагы согуштук аракеттерге Оштон аялдардын көп кетип жатканына байланыштуу аялдар арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү керектигин Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов Кара-Суу районундагы имамдар менен жолугушуу учурунда билдирген. Ошондой эле жолугушуунун алкагында түшүндүрүү иштерине дин боюнча билими бар лидер аялдар жана теология факультеттерин аяктаган студенттердин катышышы керектиги белгиленди.