21-февралдан 24-февралга чейин “Түндүк электр” ишканасынын 3 электр берүүчү чубалгыларынын тирөөчтөрү сүзүлүп, анын кесепетинен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган.
Аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 21-февралда Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында өспүрүм Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа менен 10 кВ электр берүүчү чубалгынын тирөөчүн сүзүп кеткен. Анда жапа чеккендер болгон жок. Өспүрүмдүн ата-энеси ошол эле күнү келтирилген зыянды калыбына келтиришти.
23-февралда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Будённый айылында саат 06:17 белгисиз айдоочу 10 кВ электр берүүчү чубалгынын жыгач тирөөчүсүн сүзүп кеткен. Анын жыйынтыгында зымдар чачышып, электр энергия үзгүлтүккө учураган.
Ал эми 24-февраль түнү Саадаев - Тоголок Молдо көчөлөрүнүн барчасында белгисиз айдоочу 6/10 кВ электр берүүчү чубалгынын темир тирөөчүн сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерге барган Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын жана Чыгыш райондук электр тармактарынын кызматкерлери 6/10 кВ электр берүүчү чубалгынын кыйшайган тирөөчүн, үзүлгөн зымдарды жана күйүп кеткен Honda Stepwgn (мамлекеттик номуру S 65-30 AI) үлгүсүндөгү унааны табышкан. Бул кырсыкка байланыштуу Красный Строитель конушунун бир бөлүгүнүн электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.