Борбор калааны көрктөндүрүүдө курулуш компаниясынын эреже бузганы аныкталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери айрым курулуш компанияларынын шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузушканын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ленин районунун санитардык абалы боюнча кезектеги рейдинде Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү, №2-а дарегинде жайгашкан “Атлантис строй” курулуш объектисинин аймагы антисанитардык абалга жеткенин аныкташкан. Анда аталган курулуш компаниясынын жумушчулары курулуш таштандыларын баш аламан таштап, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузушкан. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын инспекторлору “Атлантис строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директоруна карата протокол түзүшүп, райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан