Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Азия универсал банкынын" 35 миллион долларын мыйзамсыз өздөштүрүп алган" деген айып тагылып жаткан Михаил Наделди 9 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан бүгүн, 24-февралда билдиришти. Михаил Наделге 2010-жылдын жайында издөө жарыяланып, 2014-жылдын 24-январында үй-бүлөсү менен Валь-Гарденада эс алып жүргөндө кармалган.
46 жаштагы Надель 1998-жылдан 2010-жылга чейин банктын Директорлор кеңешинин төрагасы болгон. 2010-жылы банктын ишмердүүлүгүн текшерүүдөн кийин ал кыргыз соттору тарабынан алдамчылык жана акчаларды мыйзамсыз алуу фактылары боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга сыртынан соттолгон.