ЭЛДИК КАБАР: Мектеп окуучулары 105 жаштагы согуш ардагери Жоро Шералиевден кабар алышты (фото)

Окуучулар 105 жаштагы согуш ардагери Жоро Шералиевден кабар алышты. Бул тууралуу окурман бүгүн, 9-майда WatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз 105 жашка чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Жоро Шералиевдин үйүнө барып, ардагерден кабар алдык. Жеңиштин 71 жылдыгына карата куттуктап, жылуу сөзүбүздү айтып, белек берип келдик. Бул күнү ардагердин үйүн тазалап, отун-суусун камдап бердик. Биз согуш талаасында от кечкен аталарга түбөлүк таазим этебиз. Кийинки жаш муундарга аталарды даңктоону үйрөтүүнү колго алганбыз", - деп билдирди окурман.

Согуш ардагери учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айылында жашайт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aidowi
2016-05-09 15:55:44
Ардагерлерди жон куну эстешпейт
-2
akunai
2016-05-09 19:26:59
Aidowi,Биз ардагерге кун алыс барып кабар алып турабыз. Анын неберелериндей эле болуп калганбыз
-2
kuu-1005
2016-05-09 17:39:19
Азаматтар! Ким билет ал адамдын канча омуру калды. Силер дагы ошол жашка жеткиле!!!
+3
miss-998
2016-05-09 23:16:55
Азаматсынар
+4
mr.sher
2016-05-10 00:34:45
Азаматсыңар менин айылдаштарым!!! Ким жөнөттү экен а?
+8
konfetka.medik
2016-05-10 08:10:03
azamattar desee en jakwy kylypsynar,mairam kunu ele emes bawka kundoru da kabar alyp tursanar bolgudai eken
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан