ЭЛДИК КАБАР: Баткенде коомдук унаанын айдоочусу туулган күн ээлерин бекер ташып, эгер паспорту жанында болсо, белекке 100 сом берүүдө

Баткенде коомдук унаанын айдоочусу туулган күн ээлерин бекер ташып, эгер паспорту жанында болсо, белекке 100 сом берүүдө. Бул тууралуу окурман 10-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"№101-коомдук унаанын айдоочусу туулган күн ээлерин бекер жеткирүүдө. Ал эми 100 сом өлчөмүндө белек алгысы келген туулган күн ээлери өздүгүн тактоочу документин көрсөтүшү керек. Мындай нерсе жүргүнчүлөрдүн маанайын көтөрүүдө", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
abusait
2016-05-12 17:05:33
Жакшы демилге.
+2
Musabaeva.
2016-05-12 17:12:43
Аллах ыраазы болсун!
+5
Kunbeken
2016-05-12 17:23:50
Жакшы экен ар бир кун озгоч болсо кандай сонун))
+10
beka1207
2016-05-12 17:58:20
Жакшы маанай тартуулаган айдоочу узак жаша!
+3
Ssinz7
2016-05-12 18:28:42
Мындай иш баарынын колунан келе бербейт. Азамат.
+3
nurkojo
2016-05-12 22:05:23
Эркеек....
+1
Take_men
2016-05-12 22:27:45
Алла ушундай адамдарга береке берсин. Рахмат!
0
asy777
2016-05-12 23:47:21
эн сонун демилге адамдардын арасында жылуу мамиле болуп сый урмат кучойт
+2
Fatima2016
2016-05-12 23:48:01
мен бугун чыксам андай нерсе жок болчу билбейм дагы
0
jelek
2016-05-13 07:20:30
Азаматсынар баткенчилер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан