ЭЛДИК КАБАР: Нарын облусунун Ат-Башы районуна сабынын бийиктиги 17 метр болгон Кыргыз Республикасынын желеги орнотулду

Нарын облусунун Ат-Башы районунун кире беришине сабынын бийиктиги 17 метр болгон Кыргыз Республикасынын желеги орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.

"Сабынын түбүнөн учуна чейин прожекторлор тагылып, караңгыда өзүнчө бир ажайып жай экенин көрсөтүп, алыстан жаркырап турат. Желек Ат-Башы районунун 85 жылдыгынын урматына орнотулуп, жергиликтүү тургундардын сүйүктүү жайына айланды. Алар келген конокторду сыймыктануу менен желекке алып бара турган болушту. Үйлөнүү той болобу же кечкисин чогулуп көңүл ачышабы, кыскасы, жаштар үчүн эс алуучу жер табылды. Унаа токтотуучу жайы, орундуктар, таштанды салынуучу челектер жайгаштырылып, эс алуучулар үчүн жакшы шарттар да каралган", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Anarbek58
2016-05-25 20:07:24
Азаматсынар!!!
+4
Erkin.89
2016-05-25 20:24:47
Жарайсынар
+4
Deniza88
2016-05-25 20:25:45
Кечинде тиги узун немеси да куйуп турат го ээ ,
+2
barakcha
2016-05-25 20:49:38
Жакшы жанылык экен!Негизи Атбашылыктар кыйын.
+3
AMIRXAN.AYJAN
2016-05-25 21:01:47
Сонун
+3
talant87
2016-05-25 21:45:51
аа жакшы тоонун башында бекен
+2
zhykyo
2016-05-25 22:40:07
Оо жакшы кайтарыш керек эми
0
sladkaja_konfetka
2016-05-26 06:59:46
Менин районум Алга!
+1
Karalina
2016-05-26 09:19:22
Азаматсынар Ат-Башылыктар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан