Жаңы-Пахта-Бишкек жолунда жүргөн маршруттук таксилердин санынын аздыгынан тургундардын шаарга келиши оор экенин SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
"Жаңы-Пахта-Бишкек жолунда жүргөн маршруттук таксилердин саны аз. Анда каттаган 327-каттамдагы кичи автобустардын санын көбөйтпөсө болбойт. Карылар туруп келишет. 55 мүнөттүк жолдо айдоочулар жүргүнчүлөрдү "пресстеп" сала беришет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.