ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайда жүргөн сел бир нече автоунааны талкалап, жер көчкү жолду тосуп калды

Кадамжай районунун Жийделик айылында 27-майда жүргөн сел бир нече автоунааны талкалады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурмандар кабарлашты. "2 көпүрөнү сел алып жана Кадамжай-Орозбеков унаа жолуна тоо тараптан көчкү түшүп жолду жаап калды. Бир нече автоунаа талкаланды. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө таза суу чыкпай жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кадамжай селден жабыркады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alixan-Nookat.2015
2016-05-28 11:51:49
Кудай сакта аябай эле катуу келгенго сел.
+4
Malik92
2016-05-28 11:56:01
Тооба кылдым э Аллахым озун жаратылыш кырсыгынан сакта.
+7
ainur78007
2016-05-28 12:00:22
Башкысы элдер аман экен.Аллахым денсоолук берип боодо кырсыктардан сактасын,унааны аман болсок дагы аларбыз.
+1
nelya88
2016-05-28 12:20:20
ainur78007, 5 адамдын омурун алган турбайбы.. Жакындарына сабыр берсин.
+9
KGstan1981
2016-05-28 12:26:49
Союздун кезинде дарьялардын жээгине чон таштарды алып келип дамба кылышат эле.Азыр дагын чон таштарды койсо болот чон таштар озубуздо тоолордо коп.Азыркы кезде баасы кымбат бирок сапаты жаман жолдорду салып жатышат сель келсе ал жолду талкалап коюп жатат ошого кеткен акчага дарьялардын жээгине таштан дамбаларды курушса жакшы болмок.
0
alhamdulillah
2016-05-28 12:45:45
Аллахым озун сакта
+6
ofiser26
2016-05-28 12:53:27
Жаман болду чынында. Биздин балдар ото албай жатышат.
+2
meder.aralbekov
2016-05-28 19:45:38
адамдын пейилине жараша болатат туугандар кандай дейсинер мммм?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан