ЭЛДИК КАБАР: Ноокат. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр Көк-Бел айылынын кире беришине чоң арка тургузушту

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен айылдын кире бериш дарбазасы курулду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.

"Биз айылга белек тартууладык. Айыл аксакалдарынан бата алып, арканын ачылыш аземин өткөрдүк. Келген коноктор ыраазы болуп, жакшы ой-пикирин билдирип кетишти", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
talant87
2016-06-01 14:37:08
быйыл арка жылы болдуго кыргыз жеримде
+13
Supsuluu
2016-06-01 16:36:32
Азаматсыздар, жердеш ага-эжелер!
+4
Tansuluu09
2016-06-01 17:09:09
Жакшы идея соонун болуптур! ))
+4
kobra86
2016-06-01 19:50:25
Ма Ша Алла! азаматсыздар! боодо акча чачып ичкилик ичип майрамдагыча айылга белек кылган жакшыда.
+3
Aziyat
2016-06-01 21:08:13
Азаматсыңар! Эң жакшы нерсе.
0
ruslankg
2016-06-01 23:41:37
Мелис Мырзакматов курган арканы коруп эми арка мода болдуго чиркин олкобуздун ар бир жолу арка менен башталбаса эле эми.
0
bond0202
2016-06-02 00:25:15
арканы токтотуп эми жолдорду ондош керек
0
Kroxa
2016-06-02 13:34:25
Аксакалдардын пакет которуп жургону уят эмеспи,,бизде пакетти энелерибиз которот,аталар ичип жеп эле келишет,ар жердин Салты ар башка...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан