ИИМдин академиясынын курсанттары жана эмгек жамааты бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Красная речка" балдар үйүнө барып келишти. Академиянын атынан 2 чаң соргуч, окуу куралдары, ошондой эле таттуулар, жер-жемиштер менен балдардын маанайын көтөрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман Whatsapp аркылуу билдирди.
"Бул балдар үйүндө 140 томолой жетим бала тарбияланып жатышыптыр", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.