ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте жеңил унаа менен маршруттук такси кагылышты

1-июнь күнү Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде Volkswagen Golf жеңил унаасы маршруттук такси менен кагылышкан. Эл ташып бараткан №148-маршруттук таксинин катышуусундагы окуя 23:20да болгон. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, маршруттук такси оодарылып, ичиндегилер жеңил жаракат алышкан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
radyakiz
2016-06-03 12:41:26
Маршруткалар далбастап айдашат. Киши алам деп экинчи полосадан да резко буруп кетишет поворотник дегенди куйгузгонду да унутуп. Жол кире алып атып эки жагын кузгуну да карап койбой чыгышат го чиркиндер. Акчаны карап атып
+1
Kani1994
2016-06-03 13:07:54
мына ушунун айынан,атамдын бөлөсүнүн кызы "эне жана баланы коргоо улуттук борборунда" жатат,1-июнь туулган күнү болчу!достору менен туулган күнүн тосуп,үйүнө келе жатып кырсыкка кабылышыптыр!
+1
Kani1994
2016-06-03 13:16:17
атамдын бөлөсүнүн кызынын оңбу же солбу иши кылса кулагынын тарсылдагы жарылып кетиптир!ушундан улам Volkswagen Golfдун айдоочусу катуу ылдамдыкта айдап баратып сүзгөн,деп жыйынтык чыгардым!мага жеткен маалыматтар боюнча Volkswagen Golfдун айдоочусу да бейтапканада экен!
-1
akyn-jurogu
2016-06-03 13:17:49
Кырсык каш кабактын ортосунда деп коет!
+2
ruslanz
2016-06-03 22:36:09
Адамдар кызыкбыз, башкаларды коруп жатып деле улгу албайбыз. Чон ылдам-та айдады эмне пайда тапты. ГАИни жаман коробуз. Биздин ден-соолугубуз, амандыгыбыз гаи-ге керекби.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан