ЭЛДИК КАБАР: Маршруттук такси менен жеңил унаанын айдоочулары урушуп, жүргүнчүлөргө кооптуу абал жаратышты (фото)

Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги Абдрахманов көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү жайда токтоп турган жеңил унааны маршруттук такси сүзүп ала жаздады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Viber аркылуу кабарлады.

"Коомдук унаанын айдоочусу Саматбек менен жеңил унаанын айдоочусу адепке туура келбеген сөздөрдү айтышып, бири-бири менен уруша кетишти. Жеңил унаанын айдоочусу маршруттук таксинин терезесин сындырып, өрт өчүрүүчү каражатты унаанын терезесинен чачып жиберди. Кооптуу абал жаралып, коомдук унаанын жүргүнчүлөрү коркконунан сыртка чыга качышты. Жеңил унаанын айдоочусу маршруттук таксинин ичине кирип келип, документтерин жулуп кетип калды. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери башталды", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Futuro
2016-06-03 19:59:29
Экөө тең адепсиз!!!
+7
rukopashnik
2016-06-03 20:33:38
кара футболка окшойт,өзүнчө эле катыйт го аа, эки урсаң турбайт өзү...
-2
barpy1
2016-06-03 20:49:13
rukopashnik, туура айтасын, оздорунчо эле "катый" беришет. Урсан кайра турбайт озу,оозу палван булардын..
-3
sirgak_92
2016-06-03 20:54:49
barpy1,Urup kor da sen birinchi
+6
barakcha
2016-06-03 21:03:49
Байкуш коомдук транспорттун айдоочулары эптеп нанын таап иштеп атышса.Беркинин кылганы туура болбоптур.
+8
mirlan15
2016-06-03 21:39:04
Кунуго тынбай 15-16 саат только жолдо рульда журуу оной эмес тан эртеден саат 05:00 турушат !
+7
ruslanz
2016-06-03 22:57:53
Сыягы маршрутка сузгон го, сузсо толоп берет эле да. Марш-нын айдоочусу тигини докум. тартып алгандыгы учун, терезени сын-гы учун, орт очургучту салонго чачып элди коркутгандыгы учун сотко берсе болот. Эмне басмачылык заманда жашап жатабызбы.
0
Rifle_3
2016-06-03 22:58:30
Жол эрежесин экөө тең сактабайт. 5-6 жылдан кийин жолдо талаш тартыш болсо атышып калат окшойт. Россиянын кейпин кийбесек болду.
-1
leonar
2016-06-04 03:22:32
Псих го женил унаанын айдоочусу
-1
bekiw.801
2016-06-04 11:11:43
Экөөндө тең күнөө бар. Анткени маршрутка айдаган айдоочулар адепсиз "наглый" келишет Жол эрежесин дайыма бузушат. Жол талашат. Оздору откоруп кой деп сурашат. А сен сурсан олсо да Жол беришпейт. Эшек муноз. Тушуруп алып уруп салгын келет. Женил автоунаа айдагандар буларды жакшы билишет
0
incognito1
2016-06-04 18:37:02
bekiw.801, туптуура айтасыз. Маршрутчики как хотят, так и ездят. Вообще беспредел!
0
Murok
2016-06-04 14:10:25
Маршруткага тушсон барчу жерине жыргаааап тез жетесин,анткени алар кандай жол болсо да тез жеткирет а Озун машине айдап баратканда оооо маршрутка акелер ойда жинге тиет да
0
i-bilim
2016-06-04 22:20:40
маршрутка айдаган шоопур акелер аман эле болсун!нервди кашайтышат да нагло.
0
poping.dance
2016-06-04 23:47:07
Июнь айынын женуучусу болсун,
Зынк жанылык тааптыр
0
pixel2015
2016-06-05 15:31:06
Админ позитив жанылыктар мн болушсонор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан