Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан Көк-Жар айылында тургундар таза сууну тоо түбүнөн ташып ичип жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Көк-Жарда биринчи жолу суу токтоп жаткан жок. Күнүгө күндүзгү саат 10:00дөн 15:00гө чейин берилет. Жумушка кетип суу алганга да үлгүрбөй калышкандары көп. Канча жолу айыл өкмөтүнө кайрылышкан, бирок майнап чыккан жок. Айылдын ары жагынан да, бери жагынан да жашы-карысы дебей чака-чайнегин алып сууга келишет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.