ЭЛДИК КАБАР: Кадамжай районунда чегирткелер жаңы отургузулган көчөттөргө зыян келтиришүүдө. Аларды жок кылууга химикаттар жардам бере албай жатат

"Кадамжай районунун Халмион айыл округунда чегирткелер жаңыдан отургузулган өрүк, алма көчөттөрүн жеп, өстүрбөй жатышат", - деп кайрылды окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. "Бир көчөткө 5-6 чегиртке жармашып алат. Ар кандай химикаттарды колдондук, бирок жардам бербей жатат. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги көңүл буруп койсо",- деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
KAPTA
2016-06-10 18:52:09
Кен талаага барып тартып келдинизби автор, эмне максатта жибердиниз ошондо?
-18
nur0077
2016-06-10 19:43:43
Биздин кыйын депутаттар ушундай орчун,экономикалык,социалдык,агрономиялык маселе чечкендин ордуна Куудулдар менен аалымга асылып болбой калды го.Биз шайлоочулар депутаттарды Элдин жашоосун женилдеткен маселе чечет деп шайлаган элек.
+17
murat_12
2016-06-11 22:23:35
nur0077,сен депутатарга добушунду саттын шайлабадын
0
aikol87
2016-06-11 10:27:34
KAPTA,ойлонуп жассанар.
0
sher.ella
2016-06-10 18:59:51
Ой эгин талаасында чегирткелер буудайды кырып журчу мурда самалет мн дары сепчу
+10
Futuro
2016-06-10 19:53:19
Эми эмне кылыш керек ошондо? Депутаттар барып чегиртке терсинби? Даары дармек, химикат жардам бербесе.
-14
Adi.Avazbekov
2016-06-10 20:02:17
Futuro,kichine oilonup jazsan bolo tuuganym
+2
nelli
2016-06-10 20:10:18
Futuro,Жазат десе эле жаза беришпи? Жазаарга жакшы созун жок болсо унчукпай эле койда. Сага бул проблема эмес болсо, дыйкандар учун ото чон проблема.
+11
argen.kg4
2016-06-10 20:03:19
Окмоттон жардам сурап кайрылыптыр.Жардам болуп калаар,антпесе карапайым элге кыйын.
+13
88inara88
2016-06-10 22:13:17
Кайран гана мээнет,канча мээнет кетти,куч сарыпталды,акчасы кетти,бул жерде олтуруп алып неге ушунуда чыгара береби дегенге зеенин кейит.
+7
Мэри
2016-06-10 23:45:12
Чегирткелердин жашоо образы өзгөргөн го, алар мурда эгинге эле барышчу да. Азыр бактарга чыгып алышса... ))))) Муну жашоого ыңгайлашуу десе керек ))))
0
Beko87
2016-06-11 02:51:15
Тооктор жейткоо мындай чегирткени.срочно тоок ферма ачыш керек.анан тооктор чегирткени вотак вотак делает)))
+4
aikol87
2016-06-11 10:29:13
Канча мээнет кетти,зээни кейигенинен жоноттуда автор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан