ЭЛДИК КАБАР: Бычактан бир нече жерине жаракат алып ооруканада жаткан келин күйөөсүнө катуу жаза берилиши керектигин айтууда (нерви жукаларга көрүүгө сунушталбайт)

"2-июнда бычактан бир нече жерине жаракат алып ооруканада жаткан келин кооптонуп, күйөөсүнө катуу жаза берилиши керектигин айтууда", - деп кайрылды окурман 11-июнда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. "Учурда жаракат алган келин Ноокатта ооруканада жатат, абалы жакшы. Күйөөсүнө катуу жаза берилбесе, кийин тынчтык бербейт деп кооптонуп жатат. Колунда ымыркайы бар экен", - деди ал.

ИИМдин маалыматына ылайык, окуя 2-июнь күнү саат 20:50 чамасында Ноокат районунда болгон. Анда 1985-жылы туулган Х.У. аттуу жаран ажырашып кеткен келинчегинин үйүнө барып, ал жерде келинчегин жана кайненесин бычактап салганы кабарланган. Кайненеси алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон. Ал эми келин да бычактан бир нече жерине жаракат алган.

Кармалган жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
shirinai
2016-06-11 23:13:50
Тообо кылдым. Алла берген жанды Алла озу алат да. Ажырашыпсын оз жашоондо жашай бер. Жаш балдарыбыз кочодо кенен ойной алышпаса. Эми куйообуздун жанында уктай албай калабыз го. Мындайларга катуу жаза колдонуш керек. Антпесе кээбироолордун психикасын бузат.
Ото окунучтуу. Баарынызга сабыр тилейм(((
0
nurchik05
2016-06-11 23:16:56
Псих больницага жаткызыш керек
+2
Kimbar
2016-06-11 23:34:54
nurchik05,псих больницадан даана эркиндике чыгып кетет да
+2
tynchtyk93
2016-06-11 23:32:25
Айрыкча орозо айында мындай окуялардын болушу жаман эле мындай окуяларды Аллах эчкимге жолуктурбасын.
+3
dobrajelatel
2016-06-12 00:39:37
Аялга кол которгон эркек эн слабый эркек. Негизи уруп тарбия бере албайт. Мындай мыкаачылар созсуз жазасын алыш керек.
КРна олум жазасын киргизууго убакыт эчак келген.
0
Ayida
2016-06-12 01:45:44
Ушундай эркектерди жеккккк кором баарын эмес.Менин жездем бар ото жжеееккк коруп кеттим айла жок эжем жашайт.Бирок корком бул жакта журуп.Псих десен псих эмес эшиктеги тооктон кызганат.Озу болсо жаман журот.Жаны жок адам.Балалуу болбой атып 15 жыл 1 чи аялы мн ажырашып эжеми алып 4 балалуу болду 2 уул 2кыз.Озу 47ге чыкты.Милиция да болуп иштеп райондо.паспортстволдун начальниги да болуп тушту иштен.Эжеми бир нерсе кылып койобу деп корком.Азыр балдарына да псиги чыгат.Эмне кылсак болот кенешкутом
+3
yakutiya-Mirnyi
2016-06-13 01:08:58
Ayida,ооочеень ситуация похожая очень,бир гана совет жаман корбогуло только развод.бир кун болбосо кудай сакта олтуруп коюштан тайбайт эжендин да нервини жеп бутсо керек,ичинен эзилип буткондур,я очень понимаю 70%ситуация похожа
+1
Inna_91
2016-06-12 07:44:33
Кудай сактасын алла мусулман адам кантип адам олтурот
+1
bekiw.801
2016-06-12 09:22:01
Болоору болуптур боёсу каныптыр, жаман иш болуптур. Демек эки жакта тең күнөө бар. Эркек деле жөнү жок мындай кылбаса керек. Ортодо биз билбеген көп нерсе бар да. Азыркы коомубуз бузулду, ошон үчүн ар кандай жаман кабарларды угуп жатабыз, бара-бара көнүмүш да болуп баратат.
+1
miki-84
2016-06-12 11:26:41
Азыр ажырашкандан эч ким уялбай калды себеби эмнеде ушуга жооп табалычы
0
anu.alfia04
2016-06-12 15:25:56
Ноокатта озу аялга катуу келишет. Келин десе кулдай эле корушот. Мени да суйлосон суйлодун деп урат суйлобосом тоготпойсун суйлобойсун деп урат.
+1
shairgulisaewa
2016-06-12 16:46:51
Zna4it eki jak ten vinovaty no ubivat za4em
0
admin_portal
2016-06-13 10:40:27
Usow, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
admin_portal
2016-06-13 10:42:59
shiko, жеке билдирүүлөр купуяга! Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАН!
0
admin_portal
2016-06-13 10:58:55
Aizat87, ice87, rejepova, ruslanz, tengara, zhykyo, провокациялык билдирүүлөргө тыюу салынат! 5 күн БАН!
0
Rifle_S
2016-06-13 11:19:10
Биринчи жардам көрсөткөн медиктерге , тигип жатканда атравматика колдонуп, косметический шов салсаңар болмок экен. Приоритет канды токтотуу болду, бирок аял киши да.
Сакайып кетсин эми Кудай буйруса .
0
admin_portal
2016-06-14 11:08:44
Bars111, жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан