SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мугалимине кир жуучу машина алып бербеген баланы мектептен чыгарганы жатыптыр" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Бишкекте 2-класстын окуучусу мектептен кетирилгени жатыптыр. Буга баланын ата-энеси мугалимге кир жуучу машина алып бербей койгону себеп болуптур. Бул эмне деген шумдук?!"
"Тиешелүү жерлерге арыз менен кайрылышы керек. Кантип ошону окуучуларынан суратып жатат?!"
"Азыркы биздин жашоодо төрөлгөнү жатканда төрөтканадан баштап өлгөндө жерден жай алыш үчүн да коррупционерлердин колунан өтүп калдык го".
"Бул мугалимдин кир жуучу машина сураганына азыр эч кимибиз деле таӊ калбай калдык го".
"Азыр бала бакчаларда да "биринчи төлөнүүчү акча, силер тараптан болгон жардам" деп укмуш акчаларды алышат го. Бул баланын ата-энесине да ошентип кайрылган болсо керек, "мугалимдер үчүн гуманитардык жардам" деп. Ата-эне балдары үчүн эч нерсесин аябайт, ошондуктан алып бериши керек деп ойлоп калышкан көрүнөт. Тилекке каршы, кээ бирөөлөрдүн мүмкүнчүлүгү болбой калып жатат да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.