Бишкекте кампада чыккан өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, 700 тоннага жакын күйүүчү-майлоочу май күйгөн. Убагында келген өрт өчүрүү кызматкерлери өрттүн башка объектилерге таралышына жол беришкен эмес.
"Учурда өрт толук өчүрүлгөнү менен, өрт өчүрүү кызматкерлери дале иш алып барышууда. Ошондой эле өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн атайын кызмат келип, териштирүү иштерин башташты. Окуя болгон жерде Патрулдук милиция кызматкерлери да иш жүргүзүп жатышат", - дейт кабарчыбыз.
Айта кетсек, өрт боюнча маалымат 5-ноябрь күнү саат 13:03 чамасында келип түшкөн. Анда Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде пенобетон чыгаруучу заводдо өрт чыкканы айтылган. Кийин өрт кырсыгы күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган кампада чыкканы белгилүү болгон.