17 жаштагы Ринат Зарыпбек уулу Бишкектеги №100-кесиптик лицейде 2-курста окуйт. Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда өлкөдөгү 7 облусту кыдыруу үчүн велосипед менен жолго чыккан. Бир ай убакыт ичинде 4250 чакырым жолду басып өткөн. Велосаякат аркылуу ал жаштарды спортко үндөп, ички туризмдин өнүгүшүнө салым кошууну максат кылган.
“Бул велосаякат аркылуу эң алгач мекенимдеги кооз жерлерди көргүм келди. Досторумдун арасынан Ошту, Баткенди, Нарынды көрө электери бар. Менимче, өлкөнүн өнүгүшүнө ички туризм да чоң салым кошот, анткени ички карым-катнаш болуп туруш керек. Ошондой эле бул иш-чара аркылуу жаштарды спортко чакыргым келди. Айрымдар баягы эле күнүмдүк жашоо менен окууга келишет, кайра үйгө кетишет. Алдыга койгон эч кандай максаттары жок”, - дейт Ринат.
Каарманыбыз өлкөнү айланып чыгуу үчүн алгач Бишкектен Талас облусуна жол тарткан. Анан ал жактан Чаткал районуна өтүп, Ош, Баткен облустарын кыдырган. Кийин Тогуз-Торо району аркылуу Нарын облусуна барып, андан ары Ысык-Көлдү айланып чыккан.
“Жалпы 13 ашууну аштым. Албетте, узак жол болгон соң кыйынчылыктар болбой койбойт. Чаткалга баратканда суум түгөнүп калып, ачка болгон күндөр болду. Кээде жамгыр жаап, суу болдум, бирок тургундарга жолукканда аларды унутуп коёсуң. Себеби кайсы үйгө барбайын күлүп-жайнап, жакшы тосуп жатышты. Бул саякатымда кыргыз элинин меймандос экенине дагы бир ирет ишендим”.
Ринат жаш экенине карабай алдыга көп максаттарды койгон. Окууну ийгиликтүү аяктаса, велосипед менен ар бир айылды кыдырып, андан ары чет өлкөгө сапар алууну көздөйт.
“Менин бул жүрүшүмдү өлкөдөгү белгилүү ишкер колдоп берди. Жалпысынан 100 миң сомго жакын акча короттум. Эми 4-5 күнгө Алматыга Ысык-Көл облусу аркылуу барып келсемби деп турам. Алдыга койгон максаттар көп”, - дейт Ринат.
Ринат Зарыпбек уулу спорт менен профессионалдык деңгээлде машыкпайт. Спорттун бул түрү менен алектене баштаганына 1 жылдай болду. Буга чейин Ринат велосипеди менен 2015-жылы Ысык-Көлгө турга чыгып, 300 чакырымды 17 саатта басып өткөн. Ошондон бери алыскы сапарларга чыгып турат.