Бишкектеги №4-төрөтканада баласынан жана жатынынан айрылган 26 жаштагы келиндин ишин саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Талантбек Батыралиев өзү көзөмөлгө алып, ага себепкер болгон дарыгерлердин ишин карап чыгат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Батыралиевдин айтымында, дарыгерлер мыйзамсыз жол менен жаап коё электе чара көрүш керек. "Жабырлануучуларга менин телефон номурумду берип коюңуздар. Мен кайсы учурда чалса же келсе кабыл алам. Бул ишти дарыгерлер мыйзамсыз жол менен жаап коё электе чара көрүш керек. Эч бир окуя көз жаздымда калбайт. Баарына жооп берүүгө даярмын", - деди ал.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын тургуну баласы чарчап калганы аз келгенсип, жубайынын жатынын жашыруун алып салган деп Бишкектеги №4-төрөткананын дарыгерлерин айыптоодо. Маалыматка караганда, 26 жаштагы келиндин баласы чарчап калган. Андан кийин дарыгерлер келиндин жатынын айтпастан алып салышканы бир нече убакыттан кийин билинген. Өз атын айтпоону өтүнгөн Бишкек шаарынын тургуну аялынын жатынын алып салганы үчүн чуу чыгарбоону суранып дарыгерлер ага 100 миң сом акча бергенин билдирген.