1917-жылдын 24-октябрында (жаңыча 7-ноябрда) Орусия империясынын борбору Петроградда тарыхый окуя болуп өткөн. Бул күнү Большевиктер партиясынын жетекчилигинде башталган куралдуу көтөрүлүш жеңиш менен аяктап, Убактылуу өкмөт кулатылып, анын ордуна Советтердин бийлиги орнотулган. Советтердин Бүткүл орусиялык 2-съезди В.И.Ленин башында турган жумушчу-дыйкандардын биринчи өкмөтүн - Эл Комиссарлар Советин шайлаган. Съездде эң маанилүү маселелер - тынчтык жана жерге болгон жеке менчикти жоюу жөнүндөгү декреттер кабыл алынган. Орусия империясынын курамындагы улуттардын тең укуктуулугу жарыяланган.
Кыргыз өлкөсү 1917-1924-жылдары Түркстан АССРинин курамында туруп, 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара кыргыз (1925-жылдын майынан Кыргыз) автономиялуу облусу түзүлгөн. 1926-жылы февралда Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз АССРине, 1936-жылы 5-декабрда Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланган.
СССРде Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү 1918-жылдан тарта белгилене баштаган. Эгемен Кыргыз Республикасында 7-ноябрды Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү катары кайрадан белгилөө тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган.
7-ноябрдын жылнаамасы.