Бүгүн Кыргыз өлкөсүндө журналисттер кесиптик майрамын белгилеп жатышат. Журналисттер кайда болбосун, кандай абалга туш келишпесин, талыкпас эмгеги менен коомчулукту бардык тармактагы жаңылыктар менен кабардар кылып турушат эмеспи. Алардын жолу кээде кооптуу, кээде татаал. Ага карабастан, чындыкты жазып, жергебиздеги көйгөйлүү маселелерди козгоп, алардын оң жакка чечилишине салымын кошкон журналисттердин аракети менен бүгүнкү күндө журналистика өлкөдө өз ордун таап келет.
SUPER.KG порталы маалымат жана басма сөз кызматкерлерине чыгармачылык эргүү жана чыгармачылыкта эркиндик каалайт!
Калемиңиздер курчуй берсин, журналисттер!