Бишкекте Улуу Октябрь социалисттик революциясынын урматына жөө жүрүш болууда

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкекте Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңишинин 97 жылдык мааракесине карата жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө 200гө жакын Кыргыз коммунисттик партиясынын мүчөлөрү чыгышкан. Иш-чаранын катышуучулары Лениндин жана Сталиндин сүрөттөрүн, партиянын желегин көтөрүп шаар аралап жүрүшөт.

"Биз партиянын жактоочуларыбыз. Атайын Талас облусунан келдим. Бүгүнкү жүрүшкө өлкөнүн 7 облусунан адамдар келишти. 1991-жылдан бери майрам күчүн жоготту. Буга чейин жер-жерлерде парад уюштурулчу. Эл аябай сонун маанай менен майрамдачу. Өлкөдөгү бардык партиялар биригип күчтүү партия түзүүлөрү керек. 120 депутат бизге керек эмес", - деди Талас районунан келген Өскөн Укубаев.

Маалыматка ылайык, Коммунисттик партияны Владимир Ильич Ленин түптөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Revolyutsiya
2016-11-07 12:35:27
Кайран эсил СССР, бир убактагы кубаттуу жана бактылуу олко кулап, ордуна 15 хандык тузулду. Кыргызстанда жарым хандык, бир убакта Акаевдин "Алгасынан" Бакиевдин "Ак-Жолуна" откон бийлик эстафетасы бугун Атамбаевдин "СДПКсынын" колунда...

СССР кулап оз алдынча болгон 15 республиканын бири да жыргап кеткен жери жок. Бардыгында кыйналган карапайым эл. Жыргаса бийликтеги чиновниктер менен бир ууч бизнесмен-байлар жыргап жаткандыр.

Капитализм о
0
Revolyutsiya
2016-11-07 12:36:02
Капитализм ошол - капиталист байлардын заманы!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан