SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялымды жек көрө баштадым" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Достор, айткылачы, ата-энеге каяша айткан аялды эмне кылат элеңер?"
Темага калтырылган билдирүүлөр:
"Сиз менен чогуу жашабагандан кийин үй-бүлөңүз жөнүндө билбейбиз. Балким, ошентип тил кайрышына жеткирип жаткандыр".
"Ата-энеге тик карап, каяша айтканга уул, кыз, келиндин акысы жок! Ошондуктан тизгинин тартып коюңуз демекчимин".
"Жылуу-жылуу сүйлөсөң, жылан да ийининен чыгат" деген сөз бар эмеспи. Балким, ошого чейин жеткирип жаткан чыгар. "Келин жаман эмес, келген жери жаман" деген да сөз бар. Ал сизге, үй-бүлөңүзгө сөз кайтарып жаман сүйлөсө, сиз аялыңызга сүйүү тартуулаңыз. Биринчи сиз өзгөрүп, аялыңыз уяла тургандай кылып көрүңүз".
"Ошого жеткизгендир да" дегендер, эмне кылып жатса да ата-эне деген ыйык болот. Биз, жаш муундар, аларды сыйлоого милдеттүүбүз. Эртең эле ошолордун ордун биз басабыз, анан аларга көрсөткөн урмат-сыйдын акыбетин көрөбүз. "Улууну сыйласаң, кичүүдөн сый көрөсүң" дейт. Эмне болгон учурда да, ата-энеге урмат-сый жана даңк!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.