Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тиешелүү түрдө медициналык жардам көргөзүлбөй жатканына депутаттар нааразы

"Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тиешелүү түрдө медициналык жардам көргөзүлбөй жатат". Мындай билдирүүнү бүгүн, 25-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда учурда 8 миңге жакын ардагер калган. “Алардын көпчүлүгү үйлөрүнөн чыга албай калган. Мага арыз менен кайрылып жатышат. Медицина кызматкерлери ардагерлердин үйүнө кээде гана барат экен. Алар өздөрү  ооруканаларга келип, кечке кезек күтүп тура алышпайт да” деди эл өкүлү. Ошондой эле депутат өкмөттөн ардагерлерди колдоо тууралуу программа иштеп чыгууну өтүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан