Бүгүн, 25-апрелде Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бекбосун Садыков билдирди. Маалым болгондой, мэрлик кызматка 2 адам талапкер болуп катышкан. Жыйынтыгында талапкер Рыскул Калыгулов 31 депутаттын 19 добушуна ээ болуп, мэр болуп шайланды. Ал эми атаандашы Дамир Моңолдоров 12 добушка ээ болду.