2013-жылдын 1-кварталында 7 миллиард 184, 2 миллион сом өлчөмүндөгү пенсия жана башка социалдык төлөмдөр берилди. Бул белгиленген иштин 100 пайызга аткарылганын билдирет. Мындай маалыматты Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, учурда карыздар жок. Кошумчалай кетсек, 1-апрелге карата Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны 567,6 миң адамды түзгөн.