Өкмөттүн Жогорку Кеңеш алдындагы отчётунун долбоору кабыл алынды

"Үстүбүздөгү жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча бюджет 26 миллиард 680 миллион сомго толукталган",- деди бүгүн, 30-апрелдеги өкмөттүк жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.  

“Былтыркы жылдын негизги жетишкендиги болуп экономикалык кризистин андан ары төмөндөшүн токтото алганыбыз болду. Ички дүң продукциянын көрсөткүчү терс болгонуна карабастан, өкмөт өзүнө алган социалдык милдеттерин толугу менен аткарды, пенсия менен пособияларды берүү, бюджеттик уюмдарга айлык акыны төлөө өз убагында жүргүзүлүп жатты. Быйылкы жылы былтыркы жылдын каталарынын кайталанышына жол бербешибиз керек”,- деди ал. Ал эми ички кирешелер 33 миллиард 581 миллион сом өлчөмүндө пландалып, чыгымдардын суммасы 23 миллиард 668 миллион сомду түзгөн.  

Эң көп чыгым коротуу май айында башталарын өкмөт башчы белгилеп өттү. Өкмөт мүчөлөрү ошондой эле Жогорку Кеңештин алдындагы отчётунун долбоорун кабыл алышты. Долбоор өкмөт мүчөлөрү тарабынан бир добуш менен кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан