"Учурда Бишкек шаарында 161 миң автоунаа катталган". Мындай маалыматты бүгүн, 30-апрелде өкмөттүк жыйында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, автоунаалардын саны жыл сайын өсүүдө. Атайын каттоодон өткөндөрү менен катар эле каттала электери дагы бар.
“Автоунаалардын саны көбөйүүдө, бирок жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспекторлордун саны ошол бойдон турат. Мурда жол эрежесин бузган айдоочулардан түшкөн айып пулдун 50 пайызы жергиликтүү бюджетке түшчү. Мен бардык чогулган каражатты жергиликтүү бюджетке калтырууну сунуштайм”,- деди шаар башчысы.
Ал эми премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: “Биз салыктарды бир гана жалпы бюджетке чогултабыз, андан соң аны бөлүштүрөбүз. Силер чогулган каражатты өзүңөргө калтырууну сурап жатасыңар. Айып пулдардан түшкөн каражатты эч ким өзүнө алып калбашы керек, бардык каражат республикалык бюджетке түшөт. Биз жакында бардык бюджеттик процесстерди карап чыгабыз. Силер Каржы министрлигине өз сунуштарыңарды айтасыңар”,- деди.