Депутаттардын ишеним көрсөтпөөсүнөн соң кан басымы көтөрүлгөн Нарын шаарынын мэри учурда ооруканада

Бүгүн, 30-апрелде Нарын шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп, анда күн тартибинде каралган 7 маселеге кошумча Нарын шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө маселеси каралды.  Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Жамгырчы Дөөлөтбай уулу билдирди. Айтымында, мындай сунуш шаардык кеңештеги азчылык коалициянын 11 депутаты тарабынан көтөрүлгөн. 

 

“Нарын келечеги” көпчүлүк коалициясын түзгөн депутаттар мындай демилгеге каршылык көрсөтүп, залдан чыгып кетишти. Ага кошулуп Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев, орун басарлары жана бир катар мекеме жетекчилери дагы кетип калышты. Андан соң 11 депутат калып, сессияны улантышты. Алар Нарын шаарынын мэрине мындан ары ишеним көрсөтпөө тууралуу кайрылууну президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жиберүүнү талкуулашты",- деди басма сөз катчы.  

 

Маалыматка таянсак, көп өтпөй көпчүлүк коалициянын өкүлү, шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев "мэр саясий эркин көрсөтө алган жок" деп оппозициянын сунушун колдой турганын билдирди.  

"Мэр депутаттарды сыйлаган жок, сессияда отуруп турса болмок, бирок ал чыгып кетти. Бул тууралуу президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылуу жөнөтөбүз", - деди ал.  

Ал эми азыркы учурда Нарын шаарынын мэринин кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткандыгы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан