6-майдан 18-майга чейин Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк борборлордо айымдарды акысыз медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, акция Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин демилгеси менен “Энелер күнүнө” карата өткөрүлөт. Текшерүү аталган күндөрү саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Ал эми дарыгерлер тобу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарды үйлөрүнө барып текшеришмекчи. Эске сала кетсек, 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен май айынын үчүнчү жекшембиси “Энелер күнү” деп жарыяланган.