Жантөрө Сатыбалдиев: "Пенсия, жөлөк пулдарды товар түрүндө бергендер иштен бошотулат"

30-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери менен жыйын өткөрдү. Маалыматка ылайык, өкмөт башчысы ыйгарым укуктуу өкүлдөр салык чогултуу боюнча пландын ишке ашуусун бирдей тартипте аткарышарын билдирди.

“Салык чогултуу маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырам. Бардык облустарда бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана жумуш орундарын түзүү үчүн кошумча булактар бар. Эң негизгиси, иштегенге жана өз облусуңарга пайда алып келүүгө каалоо болуш керек”,- деди премьер-министр.

Ошондой эле ал пенсия жана жөлөк пулдарды товар түрүндө бергендер кызматынан бошотуларын билдирди. Мындан сырткары өкмөт башчысы бюджет каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну сунуштап, жакын арада өкмөттүн облус башчыларынын отчётторун угарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан