2-майда республика боюнча жаан-чачын болушу күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +6...+11°C
Талас облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +3...+8°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +7...+12°C
Баткен облусунда күндүз +15...+20°C, түнкүсүн +6...+11°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +14...+19°C, түнкүсүн +3...+8°C
Нарын облусунда күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +2...+7°C
Бишкек шаарында күндүз +23...+25°C, түнкүсүн +8...+10°C
Борбор калаада жаан-чачын болушу күтүлбөйт.